"Кызылга токтоп анан барсынбы?". Депутат Сокулукта "Тез жардам" унаасы айып короого киргизилгенин айтты
Сокулукта "Коопсуз шаар" камерасында 138 миң сом айып пулу бар "Тез жардам" унаасы айып короого киргизилип, Ички иштер министрлиги унааны чыгарбай жатат. Бул тууралуу депутат Аманкан Кенжебаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Азыр эле ИИМге чалдым, Сокулукта "Тез жардам" унаасын айып пулу үчүн айып короого киргизип коюптур. Эми "Тез жардам" унаалары оорулууларды ташып, кызылга өтүп кетет, катуу айдайт. Анда "Тез жардам" унааларынын баарын камап койбойлубу. Бүгүн чыгаргыла деп ИИМге чалсам айып пулун төлөмөйүнчө чыгарбайбыз дейт. Анда "Тез жардам" унаасы айып короодо турушу керекпи?
"Тез жардам", өрт өчүрүү унаалары иштейби же турабы? Анда өрт өчүрүүгө бара жаткан унаа жол чырактын кызылына токтоп турсун. "Тез жардам" деген бул тез жардам да. 138 миң сом айып пулу бар экен, ИИМ чыгарбайт экен. Азыр эл "Тез жардамды" чакырат", - деди ал.
Депутат Сокулукта "Тез жардам" унаасы айып короого киргизилгенин айтты
