super.kg logo

#Азыр. Балдар рак ооруларынын кайсы түрүнөн көп жабыркайт? Дарыгер менен маек

 

Балдардын рак оорусу — олуттуу жана актуалдуу коомдук саламаттык сактоо көйгөйү. Кыргызстан балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге кошулду. Анда Эне жана баланы коргоо улуттук борбору өлкөнүн фокустук саламаттык уюму катары тандалып алынып, эл аралык Global Initiative for Childhood Cancer — Балдар онкологиясы менен күрөшүү глобалдык демилге программасына кирди.

SUPER.KG порталынын #Азыр рубрикасынын бул чыгарылышында балдар онкологиясы, аталган өнөкөт боюнча өлкөдөгү абал аны дарылоо жолдору жана глобалдык демилгенин таасири тууралуу кеп кылганы турабыз. Бул багытта биздин суроолорубузга Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков жооп берет.

- Султан Амангельдиевич, биздин өлкө жакында эле балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге кошулду. Бул эмне болгон программа? Анын алкагында кандай иш-аракеттер мерчемделген? Кандай жыйынтыкты күтүп жатасыздар? Бул программа рак илдетине чалдыккан балдарга кандай таасирин тийгизе алат?

- Бул долбоор ДССУ тарабынан 2018-жылы түзүлгөн. Бул тууралуу сөз кылардан мурда балдар онкологиясына токтолсок туура болот. Биринчиден, соңку жылдары дүйнө жүзүндө балдар онкологиясы көбөйүп баратат. Экинчиден, өнүккөн өлкөлөрдө бул дарт аябай жакшы дарылана турган оорулардын бири болуп эсептелет. Дүйнөлүк коом алдын алуу үчүн бул оору менен күрөшүп баштаган. Аталган өнөкөткө анализ жүргүзүшкөндө оорудан сакаюу мүмкүнчүлүгү баланын дарылоосунан эмес, баланын кайсы өлкөдө жайгашканынан көз каранды деген кызык маалымат чыккан. Мындан улам жаңыдан өнүгүп келаткан өлкөлөргө колдоо көрсөтүү максатында чоң платформа түзүлгөн. Анын алкагында ар тараптан жардам берилет. Тактап атйканда, балдардын рак оорусун диагностикалоонун жана дарылоонун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Арзан жана керектүү дары-дармектерге жана технологияларга жеткиликтүүлүк, онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын үй-бүлөлөрүн социалдык колдоо жакшырат. Бул долбоор жазылып бүткөн кезде коронавирус пандемиясы башталып, ал өз ишин токтоткон. Ал эми 2021-2022-жылдары дүйнө жүзүнө жарыяланып, ага Кыргызстан да катышып, бардык баскычтарынан өтүп акыркы кадамдары калганда жумуш токтоп калган. Бирок өткөн жылы биздин өлкө бул долбоорго кайрадан эле тапшырып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн арасынан алдыңкы орундарда келе жатабыз. Демилге 2030-жылга чейин балдардын рак оорусунан сактануу деңгээлин кеминде 60 пайызга чейин жогорулатууга багытталган. "Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча Глобалдык демилге" башталгандан беш жыл өткөндөн кийин ДССУнун алты аймагындагы 70тен ашык өлкө, балким, күчтүү саясий эрк, көп сектордук милдеттенмелер жана стратегиялык инвестициялардын аркасында кирешеси төмөн жана орто өлкөлөрдө рак менен ооруган балдарга кам көрүү жакшырганын көрсөтүштү.

- Демек, анын арты менен бул жаатта жакшы жумуштар жасалып, жакынкы жылдарда жакшы жетишкендиктер менен мактанып калат турбайбызбы?

- Ооба, туура айтасыз. 2023-жылдын 21-августунан 25-августуна чейин Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстанда онкологиялык ооруларды көзөмөлдөөнү жакшыртуу боюнча миссиясы өткөн. ДССУнун миссиясы Кыргызстанга жогорку квалификациялуу онкологиялык жардам көрсөтүүдө орун алган көйгөйлөрдү аныктоо жана алынган маалыматтардын, аларды талдоонун негизинде рак ооруларын эрте аныктоо жана дарылоо, паллиативдик жардам көрсөтүү жана онкологиялык оорудан аман калган адамдарга колдоо көрсөтүү боюнча иш-чараларды пландаштырууга, ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү стандарттарды, методдорду иштеп чыгууга жардам берүү жана өлкөгө бул көйгөйлөрдү чечүүнүн оптималдуу жолдорун иштеп чыгуу жана сунуш кылуу үчүн жөнөтүлгөн.

- Жакшы маалыматтар болду. Эми биздин өлкөдөгү бул өнөкөт боюнча акыркы кырдаал тууралуу сүйлөшсөк. Балким статистикалык маалыматтарга токтолосуз...?

- Бизде абал өтө жакшы деп айта албайм, жаман деп да айта албайм. 2022-жылдагы көрсөткүчтөргө токтоло турган болсок, 180 бала алгачкы ирет бул ооруга чалдыкканы аныкталды. Ал эми 2023-жыл боюнча айта албайм, анткени толук аныкталып бүтө элек. Бирок көрсөткүч ошол эле болот деп ойлойм. Бул сан 10 жыл мурда 80-90дун ортосунда болчу. Мындан улам бул оору менен ооругандар аябай көбөйүп баратат деген элде ой пайда болушу мүмкүн. Андай эмес экенин баса белгилеп айтып кетким келет. Бул биринчи кезекте саламаттыкты сактоо тармагынын өнүккөнүнүн көрсөткүчү. Анткени ооруну аныктоо ыкмалары жакшырды. Анын арты менен биз бул дартты көбүрөөк көрүп калдык.

- Баланын өмүрүн сактап калууда, дартты убагында аныктоодо көрүлүп жаткан аракеттерди адис катары кандай баалайт элеңиз?

- Кыргызстанда аракеттер аябай жакшы көрүлүп жатат. Муну бир эле нерсе менен далилдеп бере алам. Мисалы, 2014-жылы өлкөдө Улуттук онкология борборунда бир эле 20 койкалуу бөлүм бар болчу. Азыркы тапта өлкөдө эки чоң борбор бар, Бишкекте жана Ошто. 2014-жылы мамлекет тарабынан жылына 1 жарым миллион сом берилчү. Ошол сан өзгөрүп жатып, 2 жыл мурун биз 7 миллион сом алганбыз. Ал эми өткөн жылы өлкө жетекчилигине, министрликке кат жазып жатып, быйылкыга 20 миллион сом берилди. Ошондо 1 жарым миллиондон 20 миллионго өзгөрүү болуп жатат.

- Биз сөз кылып жаткан өнөкөт генетикалык оору турбайбы. Дагы башка факторлор да анын пайда болушуна таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

- Рак - бул генетикалык оору. 80 пайызында генетикага байланыштуу болот. Ал эми 20 пайызында вирус күнөөлүү деп эсептелинет. Негизи бардыгыбыз рак клеткалары менен төрөлөбүз. Бул коркунучтуу клеткаларды активдүү кылууга ГМО, радиация, токсиндик дарылар, антибиотиктер, инфекциянын бардык түрү, стресс таасирин тийгизет. Сасык тумоонун вирустары дагы ракты козгойт. Ооруган балдардын көбү орто турмуштагы, ата-энеси жанында болбогон, жетиштүү кароого алынбагандар. Аялдарыбыздын боюнда болгондо өздөрүнө кам көрбөй иштеп жүрө бериши, вирустук оорулар менен оорушу түйүлдүктөгү балада ракты пайда кылат.

- Балдар арасында кезиккен рак ооруларынын түрлөрүнө токтолуп өтсөңүз жана биздин өлкөдө балдар көбүнчө кайсы түрү менен жабыркашат?

- Оорулуулардын 40 пайызы лейкоз менен кайрылышат. Экинчи орунда мээнин шишиктери турат. Дарттын бул түрү дүйнө жүзү боюнча жакшы дарыланбайт деп айтсак болот. Анткени көрсөткүчү ылдыйраак. Бирок оорунун башка түрлөрүн карасак, мисалы, бөйрөктүн залалдуу шишигин алалы. Бул оорудан айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү 90-95 пайызды түзөт. Боор рагынан 70 пайызга чейин сакаят. Жумшак эттин шишигинен болсо 60-70 пайызы айыгат. Балдар арасында кездешкен дагы бир оору - бул көздүн рагы. Мында бейтаптар убагында келсе 80 пайыз учурда дартты жеңсе болот. Мен айтып жаткан жумуштар акыркы 10 жылда эле ишке ашты. Алдыда жасала турган жумуштар арбын. Биз азыр мурун дарылай албаган ооруларды дарылап калдык, жаңы ыкмаларды колдонуп калдык дегендей. Эгерде дарылай албай калсак, өмүрүн 2-3 жылга узартууну үйрөндүк. Жеңиш али алдыда деп айтам. Бирок жылыш дагы көп.

- Сиздин социалдык тармакта активдүү экениңизди билебиз. Анда бул коркунучтуу дартты жеңген балдар тууралуу байма-бай бөлүшүп турасыз. Демек, бул өнөкөттү жеңип, кадимкидей жашоону улантууга мүмкүнчүлүк бар экен да?

- Ооба. Бирок бул оорунун алдын алуу иш аракеттери, тагыраагы профилактикасы жок. Ал эми оору пайда болгондо дарыгерлерге убагында келсе, сакаюу мүмкүнчүлүгү бир топ эле жогорулайт. Бирок биздин өлкөдө көбүнчөсү кеч кайрылат. Бирок жакшы кабарлар да бар. Эгерде мындан 10-20 жыл мурун рак - бул өлүм деп айтмакпыз. Бүгүнкү күндө бул пикирибизден баш тарттык. Медицинанын илгерилеши бизге түшкөн балдардын 70-80 пайызынын өмүрүн сактап калууга өбөлгө болуп жатат. Жаңы протоколдор, технологиялар, түрдүү методикалар пайда болду.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: