super.kg logo

Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жаңы каттам ачылды

 

Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жаңы каттам ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган багыттагы алгачкы учак күн мурун "Манас" эл аралык аэропортунда келип конгон.

Ага ылайык, жүргүнчүлөрдүн үзгүлтүксүз каттамдары Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы тарабынан ыңгайлуу Airbus A320neo учагында аткарылат. Жаңы каттам боюнча жүргүнчүлөр жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү уча алышат.

"Манас" эл аралык аэоропортунда Кытайдын Пекин шаарынан учуп келген биринчи учакты салтанаттуу түрдө тосуп алуу иш-чарасына Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, Жарандык авиациясынын директорунун орун басары Канат Төлөгөнов, "Манас" эл аралык" ААК коммерциялык директору Сатыбек Каныбеков, Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башкы директору Му Сюхонг катышты", - деп айтылат маалыматта.

Пекинден Бишкекке биринчи каттам менен 90 жүргүнчү учуп келип, Бишкектен Пекинге 150 жүргүнчү учуп кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: