Бишкектеги тик учак кырсыгында жабыркаган аскерлердин бүгүнкү абалы айтылды
Бишкектеги тик учак кырсыгынан жабыркагандардын экөөсүнө операция жасалды, абалдары туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда SUPER.KG порталына Тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Илимбек Манапов билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта алты аскер Тез жардам ооруканасында дарыланып жатат.
"Эки аскерге операция жасалды, эртең дагы бирөөсүнө жасайбыз. Абалдары туруктуу. Жакынкы арада бирөөсүн ооруканадан чыгарабыз", - деди Манапов.
Эске салсак, 17-январда Достук айылына жакын жерде 23 565 аскер бөлүгүнүн аймагында Ми-8 тик учагы саат 11:00 чамасында кулап түшкөнү кабарланган. Кырсыктан экипаждын командири Жайыл Самудинов каза таап, 10 аскер жабыркаган. Бул окуядан кийин бир катар жооптуу кызматкерлер кызматынан убактылуу четтетилген. Коргоо министрлиги кызматтык териштирүү башталганын, кырсык машыгуу учурунда болгонун маалымдаган.
