super.kg logo

"Абакта чогуу отургандарды опузалап жүргөн". Бишкекте эркиндикке чыккан жаран кайра кармалды

 
Абактагылардан ири суммадагы акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, №21 абакта жазасын өтөп жаткан А.Н. аттуу жаран былтыр жаз айларында өзүн "общаковский" деп тааныштырып, камералашынан 200 миң сом опузалаган. Корккон жабырлануучу ага 2 ай бою жогорудагы сумманы электрондук капчыгына которуп турган. Кийинчерээк ага кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү тарабынан акча талап кылуулар күчөй баштаганда укук коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (Опузалап талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле А.Н. өзүнүн кызматтагы адамдар менен байланыштарын айтып, камералашына баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүп берерин айткан. Ал кызматы үчүн баасы 600 миң сомдон ашкан Toyota camry унаасын сураган. Ишенген камералашы былтыр май айында туугандары аркылуу унааны белгиленген жерге жеткиртип, күткөн адамдарга тапшыртып берген. Бирок баш коргоо чарасы өзгөрбөгөндө алданганын түшүнгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары жогоруда аталган А.Н. (ал убакта боштондукка чыккан) Бишкек шаарынын аймагынан кармалып, тергөө башкармалыгына алынып келинген. Ага 2023-жылы декабрда алдамчылык боюнча жана 2024-жылдын январь айында опузалоо боюнча айып тагылган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: