super.kg logo

Акылбек Жапаров Кызыл-Омполдо 300 миллиард долларлык кен байлык бар экенин айтты

 

Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол кенинде 300 миллиард доллар кен байлык жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жыйынында билдиргенин ЭЛТР телеканалы жарыялады.

Ал Кызыл-Омпол кенинде урандан башка дагы металлдар бар экенин айткан.

"Кызыл-Омполдо уран аз эле экен. Ал жерде 20 миллион тонна титаномагнетит, цирконий жана башка сейрек кездешүүчү металлдар бар экен. Политехникалык институттун окумуштуулары алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап берип атышат. Алар Кызыл-Омполдун тегерегинде эле 300 миллиард долларлык байлыгыбыз бар деп атышат", - деди Жапаров.

Ошондой эле ал кен казууда экологиялык жактан зыян келтирген бир дагы технологияны киргиздирбей турганын айтып, мамлекет кен байлыктан пайда көрүшү керектигин кошумчалады.

"Сауд Арабия мунай менен газдын пайдасын көрүп жатса, биз да ушул кендерибизден пайда алышыбыз керек. Болгону Кумтөрдөй болуп алдатып жиберип, чоңдордун жыргалчылыгына иштешине жол бербейбиз", - деди өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: