Кыргызстандыктарга Малайзиянын ЖОЖдорунда окуу үчүн 15 квота бөлүнөт
Малайзия кыргызстандыктар үчүн ЖОЖдордо окуу үчүн 10-15 орундук квота бөлүү боюнча макулдашылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, министрдин орун басары Лира Самыкбаева 2024-жылдын 15-январынан 17-январына чейин Малайзияга жумушчу сапары менен барган. Анын алкагында милдеттүү, университетке чейинки, техникалык жана кесиптик билим берүү саясатын, окуу программаларынын стандарттарын жана жогорку билим берүү министрлигин координациялоочу Билим берүү министрлигинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
"Жогорку билим берүү министрлигинде өткөн жолугушууда Кыргызстандын жарандарынын Малайзиянын ЖОЖдорунда окуусу үчүн 10-15 орундук квота бөлүү боюнча макулдашууга жетишилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле өлкөдөгү эң эски Малая университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып жатып Лира Самыкбаева университеттин жетекчилиги менен Кыргызстандан келген студенттерди окутуу жана биздин өлкөдө кампус куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.




