super.kg logo

Билим берүү министри жарандарды кабыл алды 

 
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жарандарды кабыл алуу графигине ылайык “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, алгач ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жогорку окуу жайда билим алып жаткан кызынын окуусу боюнча маселе менен кайрылды. Министр тийиштүү түзүмдүк бөлүккө аталган маселени мыйзам чегинде карап чыгып, арыз ээсине жооп берүү тапшырмасын берди.
Ага ылайык, жарандар билим берүү мекемелериндеги кадр маселеси, билим берүүдөгү кош тилдүүлүк, бала бакчалардын жетишсиздиги маселелери боюнча кайрылышты жана медицина тармагында жаңы адистиктерди киргизүү сунуштары айтылды.
"Министр ар жуманын бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат", - деп билдиришти мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: