super.kg logo

Баткенде жол кайгуул кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

 

Баткен облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу кечээ, 25-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан системалуу түрдө пайдаланып, транспорт каражаттарынын айдоочуларынан, анын ичинде жол кыймылынын эрежесин бузгандардан административдик протоколдорду түзбөгөндүгү жана административдик айып пул салуу үчүн опузалап акча өндүрүүгө туруктуу коррупциялык схема уюштуруп алгандары аныкталды.

"Топтолгон текшерүү материалдарынын негизинде жол кайгуул кызматынын кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш иши козголду. Натыйжада облусттук жол кайгуул кызматынын 9 кызматкеринен пара алуу фактылары аныкталган, анын ичинде Р.у.И 2 миң сом, Ш.З. 1500 сом, С.У. 3 миң сом, С.3. 3 миң сом жана Э.Б. 2 миң сом", - деп жазылат анда.

Ошондой эле Баткен-Раззаков унаа жолунун айыл аймагындагы тилкесинде Баткен районунун Көк-Таш айылында кезектеги мыйзамсыз акча алуу учурунда Баткен ОИИБинин жол кайгуул кызматынын кызматкерлери милициянын старшинасы Т.А. жана Ю.Б кармалган.

Облусттук жол кайгуул кызматынын башка кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерин документтештирүү боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: