super.kg logo

Өлкөдө болгон жер силкинүүдөн кийин 214 объект текшерилди

 

23-январда болгон жер титирөөдөн кийин Кыргызстандын бардык аймагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн абалы текшерилди. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча учурда курулуп жана жарандар жашап жаткан 214 турак жайда курулуш дефекттери жана жаракалар бар же жок экендиги визуалдык текшерүүдөн өткөрүлдү.

- Бишкек шаарында – 101;
- Чүй облусунда – 25;
- Ысык-Көл облусунда – 8;
- Нарын облусунда – 6 объект текшерилди.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй жер титирөөдөн кийин эч кандай мүчүлүштүктөр жана бузулуулар, жаракалар табылган эмес. Жарандардын кооптонуусуна негиз жок", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаев жер титрөөдөн кийин 100дөй кайрылуу келип түшкөнүн, олуттуу жабыркаган имараттар жокко эсе экенин айткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: