super.kg logo

Муфтият кыздар медресесин текшерүүнү талап кылган депутатка жооп берди

 
Кечээ, 25-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Динара Ашимова кыздар медреседе диний гана билим алып, башка адистиктерге үйрөнбөй жатканын белгилеп, мындан улам кооптуу тенденция жаралууда деген.
Ашимова кыздар медресеси өлкөдөгү диний окуу жайлардын жарымынан көбүн түзөөрүн дагы айткан болчу.
Буга карата Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирүү жасады. Анда социалдык тармактарда диний окуу жайлар боюнча тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбей турганы белгиленген.
1. Өлкө аймагында муфтиятка караштуу диний окуу жайлардын 25 пайызын гана кыз-келиндер окуу жайлары түзөт.
2. Муфтияттын өзүнүн алдындагы 28 диний окуу жайда кошумча кесиптик билим берүү курстары ачылган. Атап айтсак: “Ашпозчу-кондитер”, “Ширетүүчү”, “Электромонтажник, “Тикмечи”, “Бал челекчи”, “Тиричилик техникаларын оңдоочу адис”, “Эмерек жасоочу уста”, “Слесарь-сантехник” жана “Компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүчү адис” багытында үйрөтүлүп, үч айдын ичинде кесипке ээ болушат. Бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөрдүн 65 пайызы жумуш менен камсыз болушкан.
3. Диний окуу жайларды иретке келтирип, шарттарын жакшыртуу менен билим алуусун камсыздоо максатында 2023-жылдан бүгүнкү күнгө чейин атайын ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, өлкөдөгү диний объектилер жана окуу жайлар текшерилип келет. Текшерүүдөн өткөн диний окуу жайлардын кызматкерлеринин билимин атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия текшерүүдө. Мындай текшерүүлөр буга чейин Аалымдар Кеңеши, Муфтият тарабынан да жүргүзүлүп келген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: