super.kg logo

Жалал-Абад шаарына жаңы вице-мэр дайындалды

 

Жалал-Абад шаарына жаңы вице-мэр дайындалды. Мэрдин коммуналдык маселелер боюнча орун басары болуп Жаныш Раимжанов бекитилгенин калаа мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта тиешелүү буйрукка шаар мэри Эрнисбек Ормоков кол койгону айтылат.

Билими:
2015-2018-жылдары Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент факультетинин "Финансы жана кредит" адистигин аяктаган.

2021-2022-жылдары ппрезидентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы башкаруу академиясында билим алган.

Эмгек жолу:
2015-2019- жылдары өкмөткө караштуу Ош аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда жетектөөчү адис.

2019-жылдан ушул күнгө чейин президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенип келе жаткан.

Аталган кызматты буга чейин Айбек Жолдошев аркалап келген. Ал ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен арыз жазгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: