Кыргызстандыктарды чет өлкөгө мыйзамсыз жумушка орноштурган компания аныкталды



Кечээ, 25-январда кыргызстандыктарды чет өлкөгө мыйзамсыз жумушка орноштурган "Monto Corporation" компаниясы аныкталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган компания Словакияга автобус айдоочуларынын бош кызмат ордуна кыргызстандыктарды жөнөтүп турган.
"Ошол эле учурда чет өлкөлүк компания өлкө аймагында чарба жүргүзүүчү субъект катары катталбаган жана жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга уруксаты жок, кызматкерлер үчүн социалдык коргоо жана эмгек коопсуздугунун кепилдиктерин камсыз кылбаганы менен мыйзам бузган.
Мыйзам бузуу фактысы боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чакырылып, анын жыйынтыгы менен компаниянын ишине бөгөт коюу жана аны жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүү үчүн протокол түзүлгөн", - деп жазылат анда.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору чет өлкөдө иштөөнү каалаган Кыргыз жарандарын кыраакы болууга жана абийирсиз агенттиктердин алдамчы сунуштарынан сак болууга чакырат. Чет өлкөдөгү жеке ишке орноштуруу агенттигинин мыйзамдуулугун www.migrant.kg сайтынан текшерсеңиз болору кабарланат.
"Эмгек миграция маселелери боюнча кошумча маалымат жана кеңеш алуу үчүн Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна төмөнкү дарек боюнча кайрыла алышат: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 237, байланыш номери: 0312 65 02 62, Ош шаары, Ленина көчөсү 221, байланыш номери: 0322 25 66 32", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.