super.kg logo

 Садыр Жапаров Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы перинаталдык борборду ачты

 

Бүгүн, 26-январда Садыр Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы перинаталдык борборду ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, борбордун курулушу Министрлер кабинетинин жана тиешелүү министрликтин Германия өнүктүрүү банкы менен “Эне жана баланы коргоо IV-V” долбоорунун алкагында ийгиликтүү кызматташуунун натыйжасы болуп саналат.

Президент өз сөзүндө Германиянын элчилигине жана Германия өнүктүрүү банкына тыгыз кызматташтыгы жана тынымсыз колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

"Перинаталдык борбордун ачылышы - энени коргоо жана жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугуна кам көрүү боюнча стратегиялык максаттарга жетүүдөгү маанилүү кадам экенин баса белгиледи. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы макулдашуунун негизинде курулган борбор кош бойлуу аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүчү жогорку технологиялуу мекеме болуп саналат", - деп жазылат анда.

Президент ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу, суу менен камсыздоо, санитария, климаттын өзгөрүшү жана теңсиздик менен күрөшүү сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө Германия менен кызматташуунун маанилүүлүгүн айтты. Ошондой эле перинаталдык борбор балдардын өлүмүн азайтуу менен энелердин жана балдардын ден соолугуна кам көрүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калаарына үмүт арткан.

"Жалпы аянты 4 миң чарчы метрди түзгөн перинаталдык борбордо жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен акыркы үлгүдөгү операциялык бөлмөлөр, эне жана бала үчүн толук жабдылган реанимация бөлмөлөрү, люкс классындагы палаталары жана башка медициналык кызматтар эске алынган", - деп жазылат маалыматта.

Бул борбор бейтаптарды ушул жылдын февраль айынан тарта кабыл ала баштаары айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: