27-январга карата аба ырайы
Эртең, 27-январда түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.
Маалыматтарга караганда, күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5,
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -6…-11.
Ал эми Бишкекте жаан-чачын болбойт, туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы -3…-5, күндүз +3…+5 болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.