Муфтий Замир Ракиев өз каалоосу менен кызматтан кетти
Бүгүн, 26-январда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев өз каалоосу менен кызматынан кетти. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аалымдар кеңешинин кезексиз протоколдук жыйыны болду. Анда Замир кары Ракиевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы каралды.
Анын арызы канааттандырылып, Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынганы айтылат.
"Ага байланыштуу КМДБнын уставына ылайык, Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучусу болуп бекитилди.
Муфтияттын ишин ырааттуу жүргүзүп, казыяттарды, аймактардагы хатибияттарды өнүктүрүп, бир топ алгылыктуу иштерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү жана муфтияттын эмгек жамааты Замир кары Ракиевге терең ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишине ийгилик жана бекем ден соолук каалашты", - деп жазылат маалыматта.
