super.kg logo

Ошто заманбап өрткө каршы куткаруу бөлүгү ачылды 

 
Ош шаардык башкармалыгына караштуу №85 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы салынган имаратынын салтанатуу ачылышы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага ӨКМнын биринчи орун басары Азамат Мамбетов, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вондже, KOICA'нын өлкө боюнча директору Ли Джонгсу, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү А. Соловьева, шаардын вице-мэри Нурбек Кадыров жана өрт өчүрүүчү куткаруучулары катышты.
Ага ылайык, ӨКМнын орун басары Азамат Мамбетовдун айтымында, үч тараптуу кызматташуунун алкагында өрт-куткаруу кызматынын потенциалын жогорулатуу, жаңы имараттарды куруу, заманбап жабдыктар менен камсыздоо каралган. Долбоордун баштапкы этаптарын ийгиликтүү ишке ашыруу менен жаңы имараттар ачылып, күжүрмөндүк менен иштөөгө шарттар түзүлгөнүн айтып өттү. Ошондой эле ӨКМдин тыгыз кызматташтыкта иш алып барган өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.
"1964-жылкы эски имараттын ордуна эки кабаттуу өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы өрт өчүрүүчү унааларын сактоого ыңгайлуу болуп, зарыл талаптар эске алынган. Куткаруучулардын ыкчам иштөөсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлүп, эс алуучу бөлмөсүнөн тарта ашкансына чейин заманбап жабдылып атүгүл, ден-соолуктарын чыңдоого ылайыкталган спорт залы да камсыздалган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ачылган имарат жаңы авариялык-куткаруу унаасы, атайын шаймандар менен жабдылган.
Заманбап ӨККБнын имаратын куруу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана “KOICA” - Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин ортосундагы кызматташуусунун алкагында ишке ашып, Корея өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен курулду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: