super.kg logo

Акыйкатчы жарандарды кабыл алып, көйгөйлөрүн укту

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жарандарды жеке кабыл алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматтарга караганда, Жамиля Жаманбаева менен жолугушууга келген арыздануучулар укук коргоо жана сот органдары тарабынан укуктары бузулуп жатканына даттанышты. Ошондой эле жөлөк пул алууга болгон укуктарын коргоп берүүсүн сурангандар да болду.

Арыздануучулардын бири М.С. аттуу жаран Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн даттанды.

Анын айтымында, ал жазган арыздын негизинде козголгон кылмыш ишин кызматкерлер жаап салышкан.

“Алар менин жашоомо, ден соолугума коркунуч келтирди, сиздерден бул ишти карап, менин укугумду коргоп берүүңүздөрдү суранам” , – деп акыйкатчыга кайрылды арыздануучу.

Жамиля Жаманбаева бул ишти өз көзөмөлүнө аларын билдирди.

60 жаштагы К.А. аттуу дагы бир жаран кызы жана анын эки кичинекей баласы жашай турган жери жок батирлеп күн кечирип жатышканын айтты. Ал кызы жалгыз бой эне болгондуктан эки баласын карап үйдө отурууга мажбур экенин жана жөлөк пул албай турганын билдирди. Ал эми акыйкатчы Жаманбаева бөлүм башчыга тиешелүү мамлекеттик органдарга кат жөнөтүшүн тапшырды.

Ошондой эле омбудсменге Д.Н. аттуу машыктыруучу кайрылды. Ал 7 жылдан ашык убакыттан бери 17 жаштагы А.Р аттуу өспүрүмдү машыктырып жүргөнүнө карабастан, аны чет мамлекетке мелдештерге чыгара албай жатканын айтты. Себеби анын юридикалык статусун аныктаган документи жок.

“Өспүрүм өзү Кыргызстанда төрөлүп-өскөн бирок баланын ата-энеси Афганстандан келип баш паанек издегендердин катарында. Окуучум мыктылардын катарында”, - деди машыктыруучу.

Жамиля Жаманбаева, мыйзам чегинде өспүрүм 18 жашка толгондон кийин “качкын” макамын алса болорун айтып, бул маселенин жалгыз мыйзамдуу чечими экенин маалымдады.

Андан сырткары, акыйкатчы кармалган журналисттердин жакындарын жеке кабыл алды. Алардын жакындары Акыйкатчыга кармалып тургандардын укуктары бузулуп жатканын айтышты.

“17-январда сот кармалгандардын баш коргоо чарасын карап, аларды тергөө абагына которуу чечимин чыгарганына карабастан, алар ушул кезге чейин убактылуу кармоочу жайда отурушат. Бул алардын укуктарын бузууда” ,- деп жакындары арызданды.

Андан сырткары, сот кармалгандардын баш коргоо чарасын карап жатканда жактоочулардын жүйөөлөрүн эске албаганын айтышты.

Жамиля Жаманбаева журналисттер кармалган күндүн эртеси эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери, убактылуу кармоочу жайга барып, алардын кармоо шарттары менен таанышып, ошондой эле ар бир менен сүйлөшүп келгенин эске салды.

“Биз өз мандатыбыздын алкагында кармалган жарандардын укуктарынын корголушу боюнча иш алып баруудабыз. Ошондой эле алардын эмне себептен убактылуу кармоочу жайдан, тергөө абагына которулбай жатканын билүү үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кат жолдодук”,- деди акыйкатчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: