Улан Ниязбеков Казакстанда ички иштер министрлеринин жыйынына катышты
Бүгүн, 26-январда ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ички иштер министрлеринин биргелешкен жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, үч тараптуу отурум Астана шаарында өттү. Ага Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденовдун жана Өзбекстандын ички иштер министри Пулат Бобожонов, ошондой эле ИИМдин борбордук аппараттарынын кызматтарынын жетекчилери катышты.
Жыйын Борбордук Азия өлкөлөрүнүн калкынын бакубаттуулугу үчүн аймактык кызматташтыкты түзүүгө, достук жана коңшулук мамилелерди жаңылоого жана активдештирүүгө багытталган милдеттерди ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.
Улан Ниязбеков өз сөзүндө мамлекеттин туруктуулугун жана коомдун биримдигин сактоо - ар бир өлкөнүн башкы милдети, ал эми мамлекеттин коопсуздугу - анын аймактагы ийгиликтүү өнүгүүсүнүн жана туруктуулугунун өбөлгөсү экенин белгиледи.
“Бир гана мамлекеттин күчү менен кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүү мүмкүн эместигин баарыбыз түшүнөбүз, анткени анын дээрлик бардык көрүнүштөрү трансулуттук мүнөзгө ээ жана жалпы чара көрүүнү талап кылат. Ошондуктан чек арага жакын аймактары бар коңшулардын ортосундагы биргелешкен аракеттердин жана өз ара ишенимдин макулдашуусу аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуунун башкы шарты болуп саналат.”- деди Улан Ниязбеков.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө тараптар аталган өлкөлөрдүн Ички иштер министрликтеринин кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү аймактык кызматташтыгынын потенциалын жогорулатуу боюнча маселелерди талкуулашты.
"Талкуулардын жыйынтыгында ведомстволор ортосунда кылмыштуулуктун абалы жөнүндө ыкчам, статистикалык жана башка маалыматтарды алмашууну активдештирүүнү, туруктуу негизде маалымат алмашууну уюштурууну максатка ылайык деп табышты. Мындан тышкары Борбордук Азия мамлекеттеринин Ички иштер министрликтеринин жыйынынын биргелешкен протоколуна кол коюлду", - деп айтылат маалыматта.
