super.kg logo

Ошто жашыруун тамеки чыгарган завод аныкталды

 

Ош облусунда жашыруун тамеки чыгарган завод аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан акциздик маркасы жок тамеки буюмдарын өндүрүү жана сатуу боюнча жашыруун заводдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган завод 2022-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин тымызын иштеп келгени аныкталган.

"Тамеки буюмдарын өндүрүү үчүн жабдыктар БАЭден алынып келинип, баасы 470 миң АКШ долларын түзгөн. Сырьё (тамеки кагазы, фильтр) жана тамекиге керектелүүчү башка компоненттер чет өлкөдөн ташылып келинген. Өндүрүлгөн акциздик маркалары жок тамеки буюмдары өлкө аймагында сатылып, коңшу мамлекеттерге ташылып кетип турган.

Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында аталган заводдун аймагында жана тамеки сакталган кампалардан "Marlboro", "Platinum", "Asia", "Blue Sky" жана "WT" маркалары менен акциздик маркалары жок 97 куту тамеки үчүн компоненттердин ири көлөмү табылып алынган", - деп жазылат анда.

Аныкталган каналдын уюштуруучуларынын бири О.В аттуу чет элдик жаран кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда бул ишке башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: