super.kg logo

"Ала-Арча" соода борборунун жетекчиси ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды

 

Бишкектеги "Ала-Арча" соода борборунун башкы директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Ички иштер министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, былтыр ноябрь айынын аягында милицияга борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2018-жылы туруктуу киреше убадалап, "Фаргокоин" криптовалютасын сатуу боюнча бүтүмдүн шылтоосу менен 22 миң долларын жана 1 миллион сомун ээлеп алгандарга чара көрүүнү суранган. Келтирилген жалпы чыгым 2 миллион 969 миң сомду түзөт.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары "Ала-Арча" соода борборунун башкы директору Тахир Байхомбаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул алдамчылык боюнча башка жабыркаган жарандар дагы болушу мүмкүн. Иш боюнча кылмыш шериктештерин аныктоо максатында тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: