2014-жылы Кыргызстандагы кызылча себүү аянтын эки эсеге көбөйтүү пландалууда
2014-жылы Кыргызстандагы кызылча себүү аянтын 40 пайызга көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу эл аралык кызматташтык боюнча германиялык коомдук уюмдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2013-жыл ичинде кызылчанын түшүмдүүлүгүн көбөйтүү үчүн бир катар иш-чаралар өткөрүлгөн. Чүй облусунун 300дөн ашуун дыйкандары бул багытта окуудан өтүп, агротехникалык ыкмалар менен таанышып чыгышкан. Анын жыйынтыгында 1 гектар жерден 35 тонна түшүм алууга жетишишкен.
Бул 2012-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 10 тоннага көп. “Кайыңды-кант” ААКсы акыркы жылдарда кант кызылчасын алуучу заводду модернизациядан өткөрүү каралып жаткандыгын белгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

