super.kg logo

Муфтийликке талапкер болууну каалагандар эртеңден тарта документ тапшыра алат (талаптары)

 

Муфтийликке талапкер болууну каалагандар 27-январдан 6-февралга чейин документ тапшыра алат. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Аалымдар Кеңешинин бүгүнкү жыйынында 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз Курултайын чакыруу чечими кабыл алынды. Аны менен катар Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин астында түзүлгөн Каттоо жана аттестациялоо боюнча комиссиясы Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи кызмат ордуна конкурс жарыялады.

Кыргызстандын муфтийи кызмат ордуна талапкер болууну каалагандар 27-январь күнү саат 10:00дон баштап 6-февраль, саат 17:00гө чейин талап кылынган документтерди Каттоо жана аттестациялоо боюнча комиссиясына тапшырууга тийиш.

Дареги Бишкектеги Жибек-Жолу проспектиси 264/3. Муфтияттын имараты. 2 кабат, 11-кабинет.

Каттоого катышуу үчүн керектүү документтер:

1. Талапкердин Каттоо комиссиясынын төрагасынын наамына жазган арызы;

2. Кадрларды каттоо баракчасы 4 даана ¾ өлчөмүндө сүрөтү менен (байланыш маалыматтары, жашаган жеринин дареги сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек);

3. Паспортунун көчүрмөсү (ID карт);

4. Резюме. (Устазынын аты-жөнү, илимий жетишкендиктери, иш тажрыйбасы жана алган сыйлыктарына басым жасалат);

5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

6. Мүнөздөмө (КМДБдан же облустук/ шаардык Казыяттардан);

7. Жогорку диний жана жогорку светтик билимин тастыктоочу документеринин көчүрмөлөрү;

8. Соттолбогондугу тууралуу аныктама каты.

Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи кызмат ордуна талапкер үчүн коюлган талаптар:

1. Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө түшүнүгү бар;

2. Матуриди акыйдасын жана Ханафи мазхабын терең билген / карманган;

3. Жогорку диний жана жогорку светтик билимге ээ;

4. Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх жана башка Ислам негиздерин терең өздөштүргөн;

5. КМДБнын курамында беш жылдан кем эмес жетекчилик кызматта иштеген;

6. Мусулман коомчулугунун, туугандарынын, үй-бүлөсүнүн арасында аброю жогору болгон жана элдин ишенимине кирген;

7. Мурда соттолбогон;

8. Эч бир саясий партияларга жана кыймылдарга катышы жок;

9. Жетекчилик, уюштуруучулук жана лидерлик сапатка ээ;

10. Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;

11. Мамлекеттик жана араб тилдеринде эркин сүйлөгөн жана мына ушул тилдерде өз ой пикирин кеңири жаза алган Кыргызстандын жараны муфтийликке талапкер катары каттала алат.

Белгилей кетсек, бүгүн Замир Ракиев Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилигинен өз каалоосу менен кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: