Балыкчыдагы кырсык: Балыкчы ШИИБдин башчысы кызматынан алынды
Балыкчы шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Бектур Осмонбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМден билдиришкендей, Балыкчы шаарында жашы жете элек жөө жүргүнчүнү сүзүп кетүү фактысы Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.
"Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы жана унааны айдап келе жаткан делген агасы ээлеген кызматынан бошотулду. Алардын мындан аркы ички иштер органдарында болушу тергөөнүн жыйынтыгы менен каралат", - деп кошумчалады министрлик.
Кечээ, 26-январда Балыкчыда 5-класстын окуучусун жол тандабас сүзүп, айдоочу токтобостон качып кеткен. Кыз жандандыруу бөлүмүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.