Тумандан улам Ош аэропортунда бардык каттамдар кармалып жатат
Бүгүн, 27-январда Ош эл аралык аэропортунда аба ырайынын ыңгайсыздыгынан улам каттамдар кармалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Бардык каттамдар кармалып жатканы, бирок жокко чыгарылгандар жок экендиги белгиленди. Кечигүүлөр саат 03:20да башталган.
Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учурда аэропорттун көрүнүшү туурасынан 300 метр, вертикаль боюнча 50 метрди түзөт.
Аэропорт учуу убактысы тууралуу кошумча маалымат бере тургандыгын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.