super.kg logo

Бишкекте 100 күндө үй тибиндеги 36 бала бакча ачылды

 
Жүз күндө үй тибиндеги 36 бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, өлкөдө 2023-жылы биринчи жолу “Өкмөттүк акселераторлор” программасы №1 чакырыгы ишке ашырылды.
Анын алкагында жүз күн ичинде мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча 800 адам окутулуп, анын 570и сертификат алган. Ошондой эле 262 адам жеке ишкер катары катталып, үй тибиндеги 36 бала бакча ачылганы айтылат.
"Жалпысынан жүз күндө 900гө жакын бала мектепке чейинки билим берүү менен камтылды. Программа алгач пилоттук негизде Бишкек шаарынын Арча-Бешик, Ала-Тоо, Ак-Ордо, Ак-Босого, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо жаңы конуштарында ийгиликтүү ишке ашырылды", - деп жазылат маалыматта.
Бул жылы “Өкмөттүк акселераторлор” программасы өлкө аймактарында этап-этабы менен жайылтылары кабарланат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: