Балет артисти Чолпонбек Базарбаевдин 75 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү













Кечээ, 26-январь күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында балет артисти Чолпонбек Базарбаевдин 75 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, бул иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Ал Чолпонбек Базарбаев – Борбордук Азияда эркектер арасынан балет өнөрүндөгү жападан жалгыз СССРдин Эл артисти наамын алган гениалдуу, өзгөчө таланттуу балет бийчиси болгонун белгилеген.
“Ал улуттук театралдык, хореографиялык искусствонун калыптанышына, көчмөн кыргызда балет өнөрүн классикалык деңгээлине чыгарып, аны руханий мурас катары өнүгүшүнө эгебейсиз зор салым кошкон инсан.
Чолпонбек Базарбаев КМШ жана дүйнөлүк сахналарда кыргыз жүзүн татыктуу тааныткан. Орусиянын президентинин маданият боюнча кеңешчиси, экс-маданият министри Михаил Швыдкой: “Чолпонбек Базарбаев “бийдин кудайы” болчу” деп эң жогорку баасын берген, аны баарыңыздар уккансыздар.
Анын талантына, табият берген сымбатына француздар, англичандар суктанышкан, “керемет бийдин генийи” деп аташкан. Чолпонбек Базарбаевдин жылдызы жанып турган мезгил кыргыз бий искусствосунун алтын доору болгон. Анын өмүрү, чыгармачылыгы жана ишмердүүлүгү келечектин ээси болгон жаштарга үлгү жана өрнөк. Калтырып кеткен чыгармачылык мурастары улутубуздун көөнөрбөс байлыгы болуп кала берет”, - деди ал.
Жапаров өз сөзүндө мамлекет маданият тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып, музыкалык инструменттерди жана кийимдерди жаңылоого каражаттар бөлүнгөнүн, эмгек акы жогорулаганын белгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.