super.kg logo

Балыкчыдагы кырсык: Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду

 

Балыкчы шаарында окуучу кызды сүзүп кетүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (“Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Ошондой эле, аталган факты боюнча облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш иши козголгон.

"Облустук прокуратура жогорудагы кылмыш иштердин тергөөсүнүн жүргүзүлүшүн УКМКнын Ысык-Көл областы боюнча башкармалыгына тапшырды.Учурда иш боюнча ыкчам түрдө тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө, анын жүрүшү Башкы прокурордун контролунда турат", - деп жазылат билдирүүдө.

Кечээ, 26-январда Балыкчыда 5-класстын окуучусун жол тандабас сүзүп, айдоочу токтобостон качып кеткен. Кыз жандандыруу бөлүмүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.01.2024. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык мамлекеттик кызматкерлерден коомчулук жоопкерчиликти, ачыктыкты талап кылуу керек. Адилетсиздикти көрүп, унчукпай калуу – ага өзүң катышуу дегенди билдирет. Элге жалган айтуунун кереги жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: