Камчыбек Ташиев: "2010-жылдагы июнь окуясынын кайталанышына жол бербейбиз"
2010-жылдагы июнь окуясынын кайталанышына жол берилбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
"Мамлекетибиз көп улуттуу болгондуктан улуттар арасында ынтымак керек, кимдир бирөө ынтымакты буза турган болсо катуу жазаланат. 2010-жылдагы окуялар эч жерде бкайталанбайт, ага жол дагы бербейбиз. Ошондо мамлекет алсыз болгондуктан эки элди чабыштырган убактар болгон. Эми андайга жол бербейбиз. Биз мусулманбыз, бири-бирибиз менен түбөлүк бирге болобуз. Өмүр бою өзбек менен кыргыз жакшы жашашы керек. Улут болуп, жердеш-жердеш болуп бөлүнбөшүбүз керек. Мыйзам алдында бардыгы бирдей, баарыбыз бир мамлекеттин эли-журтубуз", - деди Ташиев.
