super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандыктарга кайрылды

 
Кыргызстандын унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда 29-январдан 31-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусуна , 198-255-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайына, Ала-Бел ашуусуна, Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайку унаа жолунун;
- 55-115-чакырымдарындагы Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-48, 74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна;
- Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарына, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусуна жана Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарына кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүүдө .
"Бул күндөрү жогорудагы жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Эгер сиз кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз "112" кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз", - деп билдиришти министрликтен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: