Сузакта атайын өрттөлгөн Сузак айыл өкмөтүнүн имараты калыбына келтирилди







2021-жылдын 10-октябрында Жалал-Абад облусундагы Сузак айыл өкмөтүнүн имаратында өрт чыккан. Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөтүнүн имаратында өрт чыгып, документтерин жок кылып, Сузак айылдык кеңешинин жана өкмөтүнүн айрым жооптуу адамдарынын акча каражаттарын уурдоого жана мыйзамдардын башка көп сандаган бузууларга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, өрттөө боюнча кылмыш ишин тергөө кечеңдегенине байланыштуу бул кылмышты жасагандар убагында аныкталбай калган.
Ага ылайык, кылмыш ишин толук жана ар тараптуу иликтөө максатында 2023-жылдын август айында бул иш боюнча тергөө иштери УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын өндүрүшүнө киргизилген.
Ал эми жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде имаратты өрттөгөн уюштуруучулар менен күнөөкөрлөрдүн катыштыгы бар экени аныкталып камакка алынды.
"Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен Сузак айыл өкмөтүнүн административдик имаратына келтирилген 6 миллион сом өлчөмүндөгү зыян алар тарабынан толугу менен толтурулуп, Сузак айыл өкмөтүнүн имаратын оңдоого жумшалган.
27-январда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айыл өкмөт имаратынын капиталдык ремонтуна карата иш-чарага катышты", - деп айтылат маалыматта.
