super.kg logo

Экология министрлигинде 100 миллион сомдон ашык каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

 

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 100 миллион 988,1 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, палатанын кезектеги жыйынында министрликтин 2022-жылдагы бюджеттинин аткарылышына карата жүргүзүлгөн аудиттин отчёту каралган. Жыйынтыгында 100 миллион 988,1 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган:

  • Мамлекеттин бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 11 миллион 290,7 миң сом;
  • Мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 9 миллион 459,8 миң сом;
  • Эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу – 77 миллион 288,0 миң сом,
  • Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды бузуулар – 2 миллион 949,6 миң сом.

"Ошондой эле Ички иштер министрлигине 2021-2022-жылдарга лицензияны кармап калуу үчүн жыйымдын төлөмдөрүн эсептөө маселеси боюнча аудиттин материалдары жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: