super.kg logo

Өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар

 
Бүгүн, 29-январга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникацитялар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, министрликке караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөөдө.
"Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировканын Чапчыма ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары менен Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу жана башка жолдордо каттам бар.
Ал эми Барскоон-Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк ашуусу менен Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууда жол ачык, кар күрткүлөрүн тазалоо иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: