Орусия өлкөнүн Ички иштер министрлигине 28 даана жеңил унаа менен радиостанция алып берди










Бүгүн, 29-январда Орусия Кыргызстандын Ички иштер министрлигине 28 даана жеңил унаа жана радиостанция берди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, унааларды тапшыруунун расмий аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, Орусиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко баштаган Орусия өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.
Ал берилген жардамдын аркасында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин потенциалы жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү жогорулаарын кошумчалады.
Министрлер кабинетинин төрагасы республиканын акыркы жылдардагы экономикалык жактан өнүгүүсүндөгү көрсөткүчтөрүнө да токтолду.
“Былтыркы жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы 1 триллион 228 миллиард 900 миллион сомдон ашты. Өсүү темпи 6,2 пайызды түздү. Ошондой эле консолидацияланган бюджет 575 миллиард сомду түздү, башкача айтканда, 2,5 жылда эки эседен ашык өстү. Биз бардык мамлекеттик органдардын, анын ичинде өлкөнүн Ички иштер министрлигинин практикалык материалдык-техникалык базасын жаңылоого жетиштик.
Биздин өлкө туруктуулук, бакубатчылык жана тынчтык үчүн аймактык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүнө бекем ишенет. Биз баарыбыз биргелешип элибиздин, биздин жаш муундардын жыргалчылыгы үчүн баңгизатка жана анын жайылышына каршы күрөшүшүбүз керек”, - деп жыйынтыктады сөзүн Акылбек Жапаров.
Эске салсак, буга чейин эки өлкөнүн министрликтери баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө жардам көрсөтүү боюнча макулдашууга кол койгон. Транспортторду ошол келишимдин алкагында алынды. Документ боюнча 2024-2025-жыл ичинде Орусия Кыргызстанга 627 миллион рублдук жардам бермекчи.
