super.kg logo

Ташиев: "Жалал-Абадда өлкөдө жок стадион курулат"

 

Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадиону эл аралык стандартка жооп берген стадион болот. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев аталган стадионду оңдоп-түздөө иштери менен таанышып жатып билдирди.

Ташиев жаңы заманбап стадион өлкө тарыхында биринчи жолу курулуп жатканын айткан.

"Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу гибриддик оюн талаасы салынып жатат. Бул өтө кымбат, бирок технологиялык жактан эң акыркы үлгүдөгү футболдук талаа болот. Бул бүткөндө бардык деңгээлдеги эл аралык мелдештерди өткөрө алабыз", - деди ал.

Ошондой эле УКМК башчысы стадионду оңдоо иштери менен таанышып жатып апрелге чейин бүткөрүүгө тапшырма берди. Футболдук талаа демөөрчүлөр тарабынан каржыланып, 40 миллион сом керектелери айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: