super.kg logo
  Саясат  

Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

 

Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө жиберилди. Мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири Галина Скрипкина баяндама жасады.

Аталган мыйзам долбоорунда гумандуулуктун жана ырайымдуулуктун принциптерин жетекчиликке алып, ошондой эле жалпы кабыл алынган адам укуктарын жана эркиндигин урматтоо менен төмөндөгү адамдарды кылмыш жоопкерчилигинен жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазадан бошотуу каралган.

- Биринчи жолу беш жылга чейинки мөөнөткө соттолгон эрезеге жете электер;

- 60 жаштан өткөн эркектер, ошондой эле 55 жаштан өткөн аялдар;

- Экиден кем эмес эрезеге жете элек балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары, же багуусунда I топтогу майып ата-энелери бар үй-бүлөдө жападан жалгыз багуучу болуп саналган адамдар;

- Үч жашка чейинки курактагы балдары бар аялдар, ошондой эле кош бойлуу аялдар;

- I жана II топтогу майыптар;

- Ушул мыйзамдын күчүнө кирген күнүнө карата жазасы өтөлө элек мөөнөтү бир жылга жетпеген адамдар;

- Биринчи жолу чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарды жана анча оор эмес кылмыштарды жасаган адамдар.

 Талкууда депутаттар баяндамачыдан өтө оор кылмыш жасаган жарандарга бул мунапыс таптакыр жайылтылбоосун тактаган соң, долбоорду колдоого алды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, ЖК мунапыс жөнүндө акт чыгарат. Мыйзам долбоору ЖКнын депутаттары Асылбек Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков, Галина Скрипкина, Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Мыктыбек Абдылдаев, Олег Домшенко тарабынан киргизилген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: