super.kg logo
  Саясат  

Президент Казакстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

 

Бүгүн, 29-январда президент Садыр Жапаров Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө арабдар кыргыз-казак көп пландуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн, ошондой эле соода-экономикалык ишмердүүлүктү активдештирүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул максаттарда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча келечектүү долбоорлорду ишке ашырууда күч-аракеттерди бириктирүү сунушталды.

Мамлекет башчысы эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин канааттануу менен айтып, боордош Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чечилбеген маселелер болбошу керектигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Мурат Нуртлеу президент Садыр Жапаровдун мамлекеттин экономикалык жана институционалдык өнүгүүсү боюнча алган курсу оң натыйжаларды берерине ишенимин билдирди.

Ал белгилегендей, Казакстанда боордош Кыргызстандагы окуяларга кылдат көз салып, белгиленген реформаларды ишке ашыруу боюнча стратегиялык багытты толугу менен колдошот.

Жолугушуунун аягында тараптар боордош элдердин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу мамилелердин мындан ары ырааттуу жана жемиштүү өнүгүшүнө ишенимин билдиришти.

Буга чейин Мурат Нуртлеу менен өлкөнүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жолуккан. Анда президент Садыр Жапаров расмий визит менен Казакстанга бара турганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: