super.kg logo

Өзгөн районунда "Эл Аман" мамлекеттик дарыканалары ачылды

 

Бүгүн, 29-январда Ош облусунун Өзгөн районунда үч мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылышка министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Дарыканалар Өзгөн, Мырза-Аке жана Куршаб Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда ачылды.

Министр өз сөзүндө калкты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу максатында быйылкы жылы республика боюнча мамлекеттик дарыканалардын жалпы санын 100гө жеткирүү пландалып жатканын баса белгиледи.

"Дарыканаларда турмуштук маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген 1500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат. Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты - калктын жеткиликтүү дары-дармекке байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, былтыр ноябрь айында Өзгөн Жалпы дарыгерлик практика борборунда райондогу алгачкы мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасы ачылган. Эми Өзгөн районунда 4 мамлекеттик дарыкана иштейт.

Жалпы республика боюнча мамлекеттик дарыканалардын саны 58ге жетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: