"Дагы 7 окуучуну сабаган". "Сапатта" окуучуну сабаган мугалим боюнча маалымат берилди
Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" лицейинде окуучуну сабаган мугалим андан башка дагы 7 балага кол көтөргөн. Бул тууралуу бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.
Ал социалдык тармактарда тараган видеодон кийин атайын комиссия түзүлүп, 24-25-январда окуя териштирилгенин айтып, комиссиянын жыйынтыгы менен тааныштырды.
"Натыйжада 1 эле окуучу эмес, 10-класстын дагы 7 окуучусу жабыркаган. Бирөөсүнүн мурду канаган, экинчисинин башы айланып, денесинин оң жагы ооруп жатканын айткан. Мен баарын окубай эле коёюн. Ошентип 7 окуучу ушул мугалимден сабалган", - деди Касымалиев.
Буга чейин социалдык тармактарда эркек мугалим окуучуну сабаган видео тараган. Бул окуя Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" кыргыз-түрк лицейинде болгону аныкталып, аталган окуу жайдын администрациясы мугалим менен директордун тарбия иштери боюнча орун басары кызматтан алынганын кабарлаган. Ал эми Баткен облустук милициясы 16 жаштагы окуучуну сабаган мугалимге карата "Бейбаштык" беренеси менен иш козголуп, камакка алынганын билдирген. Бүгүнкү жыйында ал сот тарабынан үй камагына чыгарылганы белгилүү болду.
