Азия Кубогунун 1/8 финалында дагы бир сенсация болду
Бүгүн, 29-январда Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунун 1/8 финалынын экинчи күндүк беттештери өтүүдө.
Биринчи беттеште Ирак курамасы менен Иордания курамасы кез келип, Иордания 3:2 эсебинде жеңишке жетти.
Беттеште биринчи голду иорданиялык чабуулчу Язан Аль-Наймат киргизди. Экинчи бөлүктө ирактыктар эки гол киргизип, алдыга чыгышты. Бирок акыркы мүнөттөрүндө Иордания Ирактын дарбазасына сенсациялуу түрдө эки гол киргизип, бул жолугушууда жеңишке жетишти.
Муну менен Иордания курамасы чейрек финалга чыкты.
Буга чейин Тажикстан курамасы дагы 1/8 финалда БАЭнин үстүнөн сенсациялуу түрдө жеңишке жетип, чейрек финалга чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.