Бишкектин четиндеги айланма жолдо эки унаа сүзүшүп, айдоочу каза болду (видео)
Кечээ, 29-январь күнү Бишкекке жакын жердеги айланма жолдо жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен бир адам каза болгонун тиешелүү кызматтан билдиришти.
Маалымдалгандай, кырсык кечки саат 19:25тер чамасында болгон.
Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунда 1995-жылы туулган Ж.А. аттуу айдоочу Тойта-Приус унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып рулга ээ боло албай батыштан чыгышты көздөй келе жаткан оор жүк ташуучу Ситрак унаасын сүзгөн. Анын айдоочусу Кытай жараны 1982-жылы туулган А.Л. болгон.
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу 29 жаштагы Ж.А. окуя болгон жерде каза болуп, анын эки жүргүнчусү ар кандай жараат менен Кант шаарындагы ооруканага жеткирилген.
Бишкектин четиндеги айланма жолдо кырсык катталып, айдоочу каза болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.