super.kg logo

Эмгек министрлиги: "Бардык жатак үйлөрдө видеокамералар орнотулду"

 
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Министрликтин улгайган жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана чоңдор жашаган социалдык стационардык мекемелеринде видеокамералар орнотулду.
Маалыматка ылайык, мындай чара Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун социалдык коргоо системасынын санариптик инфраструктурасын жакшыртуу максатында жана Эмгек, соцалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова өткөн жылдын сентябрь айында кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу жана кызмат алуучуларга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын көзөмөлдөө максатында берген тапшырмасынын негизинде ишке ашты.
"Учурда 17 интернатта 2332 кызмат алуучу жашайт, анын ичинен 522си улгайган жарандар жана жалпы оорусу боюнча майыптыгы бар жарандар, 1810 адам психоневрологиялык диагнозу бар чоңдор жана балдар", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары президенттин жана Министрлер кабинетинин ишин сапаттуу жана аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу максатында түзүлгөн административдик Кырдаал борборуна социалдык стационардык мекемелерди кошуу иштери да жүрүп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: