Борбор калаада коомдук транспортто жол кире кымбаттады
Бүгүндөн тарта Бишкекте коомдук транспортто жол киренин жаңы тарифи күчүнө кирди. Бул тууралуу мыйзамды шаардык кеңеш өткөн жылдын 27-декабрында кабыл алган.
Ага ылайык, автобус-троллейбустарга жол кире төмөнкүдөй тартипте төлөнөт:
- Накталай төлөм - 20 сом;
- "Тулпар" картасы менен төлөм - 17 сом;
- Megapay тиркемеси менен төлөм - 11 сом.
Ал эми маршруттук кичи автобустарга жол кире 20 сомдон болот. Бирок жол кире 7 жашка чейинки балдарга бекер.
Буга чейин кичи автобустардын жол киреси 15 сом, автобус менен троллейбуста 11 сом болчу.
Жергиликтүү бийлик жол кирени көтөрбөсө жаңы сатылып алынган автобустарды жоготуп алуу коркунучу турганын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.