Бүгүн түнү Кытайдын өлкө менен чектеш аймагында 3 ирет жер силкинүү болду
Бүгүн, 30-январга караган түнү Кытайда өлкө чек арасына жакын жерде 3 жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка караганда, саат 03:03тө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер силкинүүнүн очогу Бедел айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышта, Кумтөрдөн 58 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 130 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Бедел айылында 3 баллга жакын сезилген.
Ал эми экинчи жер силкинүү саат 04:27де очогунда күчү 6 баллга жеткен. Бедел айылында 5 балл, Ыштык айылында 4 балл, Кумтөрдө 3,5 баллга чукул сезилген. Эртең менен саат 07:44тө дагы бир жер титирөө болуп, очогунда күчү 4,5 балл катталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.