Өлкөдө 1-класстар үчүнчү чейректе кошумча бир жумалык каникулга чыгышат
Өлкөдө 1-класстын окуучуларына үчүнчү чейректе кошумча бир жумалык каникул берилет. Анын күндөрүн ар бир регион өз алдынча аныктайт. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кошумча каникулду райондук, шаардык билим берүү башкармалыктары ар бир аймактагы аба ырайынын шарттарына, эпидемиологиялык кырдаалдарга жараша ушул жылдын 15-январынан 21-мартына чейинки аралыкта белгилей алат.
"Биринчи класстардын кошумча эс алуусу Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 16-августундагы “Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” №4882/1 буйругуна ылайык берилет", - деп айтылат билдирүүдө.
Буйрукка ылайык, Бишкекте 1-класстын окуучулары 12-февралдан 19-февралга чейин каникулга тарашы мүмкүн.
