super.kg logo

Талантбек Иманакун уулу: "Өлкөдө 9 баллдан ашкан жер титирөө болсо баары кулайт"

 

Өлкөдө 9 баллга жеткен жер титирөө болсо баары кулайт. Бул тууралуу бүгүн, 30-январдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди.

Анын айтымында, бизде 9 баллдан ашкан жер титирөө катталса бардыгы кулайт.

"Бирок 7-8 баллга ылайыкталган үй 4 баллда урап калса, анда ким курса жана кабыл алса башы менен жооп берет", - деди ал.

Ошондой эле ал Түркиядагы үйлөрдү кыйраткан жер титирөө 9 баллдан ашканын кошумчалады.

Мындан тышкары, Талантбек Иманакун уулу Мамлекеттик курулуш агенттиги объекттерди текшүү үчүн түзгөн жумушчу топтун жыйынтыгы менен тааныштырып жатып, советтик үйлөрдүн сапаты жакшы дегенге кошулбай турганын билдирди.

"Эски үйлөр туруктуу, жаңы курулуп жаткан курулуштар түшүп калат дегенге кошулбайм. Совет маалында курулган үйлөрдүн эскилиги жетип, фундаменти көрүнбөй калгандары бар", - деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: