super.kg logo

Ошто күчү 3,6 баллга жеткен жер титирөө катталды

 

Бүгүн, 30-январда саат 10:51 чамасында Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,6 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Алай районунун Мурдаш, Сопу-Коргон айылдарында жана Кара-Суу районунун Тээке, Лаглан айылдарында 3 баллга (Тээке айылынан 8 чакырым түштүк чыгышта, Лаглан айылынан 13 чакырым түштүк чыгышта, Мурдаш айылынан 20 чакырым түндүк батышта, Сопу-Коргон айылынан 31 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген.

Ал эми жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

"Учурда республиканын жер титирөө катталган аймактарында ӨКМнын кызматкерлери жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: