Алдамчылыкка шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Маалыматка ылайык, милицияга Баткен облусунун тургуну кайрылган. Ал Ош шаарындагы базарга Хундай Портер жүк ташуучу унаасын сатуу үчүн келгенин, ал жактан бир бейтааныш жигит ишеничине кирип унаасын 1 миллион 700 миң сомго баалап алганын айткан. Шектүү ага 20 миң сом берип, калганын жакын арада төлөп берем деген. Бирок изин белгисиз тарапка жашырып кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 27-январда Баткен облусунун тургуну 1985-жылы туулган С.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Бул жаран мурда ден соолукка оор залал келтирүү, бейбаштык жана алдамчылык боюнча бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.