super.kg logo

Бычак менен коркуткан. Ошто администратор кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды (видео)

 

Ош шаарындагы караоке клубда кызды бычак менен коркутуп, зордуктоого аракет жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 27-январда саат 05:55 чамасында Ош шаарындагы караоке клубда болгон. Анда клубга келген жигит башка адамдардын жок экенинен пайдаланып, жалгыз отурган администратор кызга бычак такап, зордуктоого аракет кылган.

Шектүү катары Чоң-Алай районунун тургуну Ш. уулу И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү ошол түнү алгач бильярд клубдун эшигин бузуп кирип 22 миң сом уурдап чыкканы, ал акчага курсагын тойгузуп, ичимдик ичип анан караоке клубга барганы аныкталган.

Учурда "Зордуктоого аракет жасоо" жана "Уурулук" беренелери боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.






30.01.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: