"Айрым жерлерде кар жаайт". 31-январга карата аба ырайы
Эртең, 31-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Маалымдалгандай, күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ал эми Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+2 даража,
Талас жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5 градус ,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6га чейин жылыйт.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2,
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -6…-11.
Ал эми борбор калаада мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз -1…-3 болушу күтүлөт.
